20:39 22 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7407
  • EUR77.2797
  • RUB1.1279
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
29 0 0

Көргөзмө эки бөлүктөн туруп, Евразия аймагын мекендеген улуттардын каада-салты менен маданиятын чагылдырат.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде ишемби күнү "Евразия элдеринин маданиятындагы үй-бүлө. ХХ кылым" аттуу сүрөт көргөзмө ачылганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Иш-чара 21-августка чейин уланып, Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүнө арналган.

Көргөзмөнүн биринчи бөлүгүндөгү сүрөттөр ХХ кылымдагы славян элдеринин, Волганы жээктей жашаган калктын, Сибирь, Кавказ жана Орто Азия элдеринин күнүмдүк турмушу менен тааныштырат.

Ал эми кийинки бөлүгүндө 20 кылымдын экинчи жарымындагы үй-бүлөлүк жашоонун ар кыл өңүтү видео, тасма форматтарында чагылдырылган.

Бардыгы болуп көргөзмөгө 80ге чукул сүрөт жана тасма коюлду.

Тема боюнча

Караколдо XX кылымдын башындагы кыргыздарды чагылдырган сүрөт көргөзмөсү ачылат
Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрү бүгүн салтанаттуу ачылат
Белгилер:
үй бүлө, Сүрөт, көргөзмө

ЭҢ МААНИЛҮҮ