Алмазбек Атамбаев гитара чертип, өзү жазган ырды аткарды

Жазылуу
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өзү чыгарган "Судьбе назло" деген ырын колуна гитара кармап, ырдады.

Маалыматка ылайык, бул ыр президенттин алгачкы чыгармаларынын бири. Бул ыр ага бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам бергенин айтат.

"Бул чыгарма "Судьбе назло" деп аталат. Бул менин жашоомдо девиз сыяктуу болду", — дейт Атамбаев.

Игра в бильярд - Sputnik Кыргызстан
Инаугурациядан баштап футболисттер менен түшкөн "селфиге" чейин — президент Алмазбек Атамбаев
КР президентинин маалымат кызматынын башчысы Алмаз Усенов видеодогу үн Алмазбек Атамбаевдин өзүнүн үнү экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

"Ал өзү ырдап, өзү чертти. Ырдын музыкасын да, сөзүн да ал өзү жазган", — деди ал.

Видеодо режиссер Мелис Убукеевдин "Провинциальный роман" тасмасындагы кадрлар колдонулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0