Кеп казына. Арстанбектен албан сөз, нечен дабан ашкан сөз…

© Sputnik / Иван Шагин / Медиабанкка өтүүКитеп. Архив
Китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, кыйчалышта сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акын Туяк Эрназар уулу жөнүндө кызыктуу алты факты. Даанышман жана ойчул
Арстанбек Буйлаш уулу — заманачы акын. Эртеңкини көрө билген олуялык касиетке ээ Арстанбек 1824-жылы Ысык-Көл облусунун Сырт аттуу жеринде туулган. 1878-жылы Нарын облусунда каза болуп, Ысык-көлдүн тескейи, Чычкан конушундагы Ташкыя бейитине коюлган. 

Ойчул акын философиялык көз караштагы ырларынан тышкары 500дөн ашуун күүнүн да автору болгон. Кезинде өнөрү Алымбек даткага жагып, жакшыларды жандап жүргөнү белгилүү. Жаактуудан пенде төп келбеген айтылуу Жеңижок акын өз учурунда алыскы Аксыдан арзып Кадырлакелип, жүз көрүшүп, бата алып кеткен. 

Баш — ырыскы, мал — дөөлөт,
Бар болгонуң — зор дөөлөт.

Тиш — ырыскы, тил — дөөлөт,
Тирүүлүгүң — зор дөөлөт.

Баш барда келет тууганың,
Баш жаздыктан тайганда
Баары калат жыйганың…

***

Жаан-жуун азайып,
Шамал болот дечү эле.

Адамзаттын билгени,
Амал болот дечү эле.

Кыш көбөйүп жылынан
Жай азаят дечү эле.

Карындагы жыйылган
Май азаят дечү эле.

Короодогу айдаган
Кой азаят дечү эле.

Журтта ургаачы көбөйүп,
Бой азаят дечү эле.

Эки агайын, бир тууган
Акы алышат дечү эле.

Айтканына ишенбей
Бата алышат дечү эле.

***

Жакының менен жоолашпа,
Өнбөс доону доолашпа.

Сөзү октой жамандан
Жакын жүрбө оолакта.

Карынын сөзүн капка сал,
Калк оозунда нуска бар.

Сөз кезеги келгенде
Акыры башта бир өлүм
Калыс сөзүң айтып кал.

***

Кадырлаш болуп жүрбөсө,
Адамды адам сагынбас.

Жамандык башка түшпөсө
Адамга адам зарылбас.

Жалкоо адам жарыбас,
Күнүгө алтын тапса да
Акылсыз жигит байыбас.

Оору-сыркоо болбосо,
Жабыркап адам арыбас.

Санаа тартып күйбөсө
Жакында адам карыбас.

Бир туугандан кем эмес
Бирге жүргөн айылдаш.

Тирүүлүктө агайын,
Бириңди-бириң кадырлаш.

***

Кабарың күнгө жетсе да
жылдызга колуң жетсе да
Жараткандын дүйнөсү
Бүт колуңа өтсө да
Адам менен бийиксиң,
Адамдан чыксаң — кийиксиң!

Жаңылыктар түрмөгү
0