"Этно-Ош" үч чыгармасы менен Астанага жөнөп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген музыканттар. Архив
Улуттук кийим кийген музыканттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган топ өткөн жылы Ош шаардык маданият башкармалыгынын алдында түзүлгөн.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. "Этно-Ош" эстрада-фольклордук тобу Казакстанда өтө турган эл аралык этно-джаз жана "Кымыз мурундук" фольклордук-этнографиялык фестивалга катышуу үчүн Астанага жөнөп кетти. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Актриса жана котормо студиясындагы үн режиссеру Кыял Төрөгулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыял Төрөгулова: Хүрремдин толготконун тердеп-кургап араң коштогом
Аларды жергиликтүү аткаминерлер, шаардыктар шаан-шөкөт менен узатты. 

"Этно-Ош" чыгармачылык тобу 1-2-июль күндөрү Астана шаарында өтүүчү эл аралык этно-джаз фестивалында үч чыгарма менен талантын тартуулайт. Ал эми 4-5-июль "Кымыз мурундук" фестивалына фольклордук жанрдагы чыгармалар менен катышат. Чыгармачылык топтун сапардык чыгымдарын Ош шаардык мэриясы көтөргөн. 

Аталган топ өткөн жылы Ош шаардык маданият башкармалыгынын алдында түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0