"Шаттык" бий ансамбли Кувейттеги фестивалга барат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБийчилер. Архив
Бийчилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ансамбль жыл сайын өтө турган балдар жана жаштар фестивалына август айында жөнөйт.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. "Шаттык" хореографиялык ансамбли Кувейттеги фестивалга катыша тургандыгы тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда ансамбль жыл сайын өтө турчу балдар жана жаштар фестивалына август айында жөнөп кетет. 

Мындай чечим Кыргызстандын Кувейттеги өзгөчө жана толук ыйгарымдуу элчиси Жусупбек Шариповдун аталган өлкөнүн Маданият, искусство жана адабият улуттук кеңешинин катчысы менен болгон жолугушуусунун алкагында белгилүү болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0