Ильяз Абдразаков: досторум жубайларын кызгана баштаганда, үйлөнүүнү чечтим

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз-казак эстрадасында таанымал ырчы Ильяз Абдразаков. Архив
Кыргыз-казак эстрадасында таанымал ырчы Ильяз Абдразаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-казак эстрадасында таанымал ырчы, шоу-бизнесте жаш толкундун агымы менен кошо келип ошол учурдан бери популярдуулугун жоготпой келе жаткан Ильяз Абдразаков бүгүн бизде конокто.

Ал журналист Гүлдана Талантбековага эмне себептен ырчы мырзалар аял алгандан кийин чыгармачылыктан алыстап кетерин жана интернет күйөрмандар кандай болорун айтып берди. Ильяз башка ырчы мырзалардай көп сүйлөбөй, суроолорго кыска-нуска жооп берген бир мүнөздүүлүгү менен айырмаланып келет. 

— Мурдагыга караганда бир топ өзгөрүптүрсүз?
— Жакшынакай болуппу (күлүп). Ооба бир аз салмак коштум. Мурун сахнага жаңы аттанган убакта арык жаш бала болчумун, азыр токтолдум, анан бир аз толдум.

— Дагы деле сөзгө сараңсызбы?
— Ошентип ойлошот. Бирок чынын айтсам көпчүлүктүн арасынан мен эле сүйлөп жаткандай сезиле берет.

— Баса, орозоңуз кабыл болсун. Азыр фейсбук, инстаграм үчүн орозо кармагандар көбөйдү. Ар кимдин өз иши деңизчи. Бирок ооз ачканда кандай тамактарды жегендерин киргизгенин сиз да көрүп жатсаңыз керек?
— Рахмат. Мен орозону өзүм үчүн эле кармайм. Интернетке болгону "Орозоңор кабыл болсун" деп жазып койгом. Сүрөттөрдү деле көп киргизбейм. Сүрөт жүктөөрүң менен эле түрдүү комментарийлер жаап баштайт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИльяз Абдразаков: Менин продюсерим дайыма "кыздардан алыс жүр" деп тойлорго, концерттерге алып кетип калчу. Бирок мүмкүнчүлүктөр болгонуна карабастан, мамиле түзүүгө эч убакта жол берген эмесмин
Популярный эстрадный певец Ильяз Абдразаков - Sputnik Кыргызстан
Ильяз Абдразаков: Менин продюсерим дайыма "кыздардан алыс жүр" деп тойлорго, концерттерге алып кетип калчу. Бирок мүмкүнчүлүктөр болгонуна карабастан, мамиле түзүүгө эч убакта жол берген эмесмин

— Мисалы? Чыгармачылыктан алыстап кеттиңиз деппи?
— Антип айткандар да бар. Мени эмне себептен чыгармачылыктан алыстап кетти дей беришет, түшүнбөйм. Болбосо жаңы эле ыр жаздырып, клип тарттырып, студиядан чыккан болосуң. Айрымдарга ошондой сезилип жатса керек. Ар кандай комментарийлер болот. Бири мактаса, экинчиси нааразы. Негизи көбү үйлөнүп алганымды жактырышкан жок.

— Ырчы мырзалар үйлөнүп алгандан кийин күйөрман кыздарын азайтып алат десек жаңылышпаймбы? Анткени бизде мырзалар аларга фанат болгон кыздарды анчейин жактыра беришпейт эмеспи?
— Мүмкүн. Аял алгандан кийин чындыгында күйөрман кыздар бойдок ырчыларды колдогондой сезилет. Эгер концерт залында 400 кыз отурса ошонун баары бир жигитке турмушка чыгам деп ойлогону туура эмес. Мен негизи үйлөнгөнүмдү эч кимге билгизбей эле коёюн дегем. Алгач айрым маалымат булактары аркылуу тарап кетип, калгандарына да маалымат бергенге туура келген.

— Айтпай койсоңуз эл жек көрүп калбайт беле?
— Жашыруун эле турмуш жолунда жүргөндөр бар. Чыгармачылыктан үй-бүлөнү алыс кармоо эң туура деп ойлойм.

— Көп кыздардын арасынан эмне себептен Мединаны тандап алдыңыз?

Ырчы Мирбек Атабеков интервью учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабеков менен болгон ачык маек: күйөрман кыздарым менен мамиле түзбөйм!
— Кызыгы — мен негизи Мединанын курбусун алмакмын. Ата-энемдин сунушу боюнча курбусун тааныштырганда ал кыз окууну бүтө элек экен. Буйрук экен жанындагы Мединаны жактырып калдым, анын үстүндө ал кичирээк чагында "Арманымды" ырдаган Ильязга турмушка чыгам деп кыялданчу экен. Ошентип биз бири-бирибизди жактырып үйлөндүк.

Үй-бүлө курганымдын дагы бир себеби көпчүлүктүн арасында досторум же жөн эле тааныштарым менден айымдарын кызганып, "сен деги качан үйлөнөсүң" деген сөздөрү болду. Мындай нерселерди укканда жаман боло түшчүмүн. Алар үчүн атайын кыздарынын көңүлүн өзүмө бурдуртуп жаткандай сезилсе керек. Эрте эле турмуш очогун тутантканыма өкүнбөйм. Токтолдум, балалуу болдум дегендей. 

— Үйлөнгөнгө чейин күйөрман кыздар менен мамиле куруп көрдүңүз беле?
— Менин продюсерим дайыма "кыздардан алыс жүр" деп тойлорго, концерттерге алып кетип калчу. Бирок мүмкүнчүлүктөр болгонуна карабастан, мамиле түзүүгө эч убакта жол берген эмесмин.

— Азыр да күйөрман кыздарыңыз көппү?
— Мурдагы күйөрман кыздарга караганда азыр тенденция башка. Анткени биздин убакта метрлеген махабат каттары, концерт койсоң жык-жыйма эл, үйүңө чейин издеп келип сүйүүсүн арнаган кыздар, бир ырды кечке сүйүп-ооруп угуу, айтор бир кызык эле болчу. Азыр алардын көбү интернет күйөрмандарга айланган. Социалдык тармактардан кат жазып турушат, мен баарын капа кылбай жооп бергенге аракет кылам. Жолуккан жерден селфи жасаганга ашыгышат.

— Жубайыңыз кызганбайбы?
— Ал мага ишенет. Башында кызганып жүрдү. Азыр эмнегедир сүйүүбүз балдарга өтүп кеткендей.

© Sputnik / Табылды КадырбековИльяз Абдразаков: Мен сүйүүгө кабылгандан корком. Эгер кабылсам кайгырып, өзүмдү таштап коем. Ал ырлар ошол кайгы капасында жүргөн убакта жаралып калгандар
Популярный эстрадный певец Ильяз Абдразаков - Sputnik Кыргызстан
Ильяз Абдразаков: Мен сүйүүгө кабылгандан корком. Эгер кабылсам кайгырып, өзүмдү таштап коем. Ал ырлар ошол кайгы капасында жүргөн убакта жаралып калгандар

— Балдарыңыз чоңоюп калдыбы?
— Эки эркек балам бар. Бир уулумдун жаңы эле кырк күндүгү чыкты. Кичүүсү мага абдан жакын, анткени улуусу төрөлгөн убакта мен гастролдоп жүрүп, кантип чоңойгонун деле билбей калдым.

— Жылдыз оорусу өнөкөткө айланып бараткан жыл эсиңиздеби?
— Мен бул оору негизи жок болуш керек де эсептейм. Анткени эл ичинде кээде шашып баратып учурашканга, суроосуна жооп бергенге жетишпей каласың. Анан эле "бул бала жылдыз оорусу менен ооруп баштаптыр" дегендер чыгат. Баарына бирдей жагуу да мүмкүн эмес. 

— Азыр да телефондун гудогунан түшпөй жүргөн арман, сүйүү ырлары сизди атактуу кылды. Моюнга аласызбы?

Актер Уларбек Батыркулов - Sputnik Кыргызстан
Эргежээл шоумен: сүйүктүүмө 101 роза сатып алып, көтөрө албай кыйналгам
— Мен мекен, ата-эне жөнүндө ырларды жазып көрдүм. Бирок мага сүйүү ырларын ырдаган жарашабы же элди ошого көндүрүп алдымбы, айтор барган жерлерге эле армандуу ырларды суранышат. Азыр өзүм да позитивдүү болууга үйрөнүп, шаңдуу ырларды жаратсамбы деп жүрөм. Эл кандай кабыл алат, айта албайм. 

— Эмне үчүн арман ырлары?
— Мен сүйүүгө кабылгандан корком. Эгер кабылсам кайгырып, өзүмдү таштап коем. Ал ырлар ошол кайгы капасында жүргөн убакта жаралып калгандар.

— Казактар эмнеге сиздин ырларга ашыгышат?
— Башка деле кесиптештеримдин ырын алып ырдап жүрүшөт. Ал ынтымакташып, тил табышкандан болсо керек. Мен мурун казактар биздин ырларды ырдап чыгышса деп кыялданчумун. Азыр боордоштор менин хит болгон ырларымдын көбүн аткарып жүргөнүнө кубанам.

— Сиз кесиптештериңизге обон чыгарып, аранжировкасын жасап берип жүрөсүз. Ал ыр кийин популярдуу болгондон кийин тымызын ичи тардык сезими болбойбу?
— Ыр даярдалып жатканда эле анын келечеги билинет. Мындай караганда ырчылар бири-бирибизге атаандаш эле болобуз. Жасап берип жаткандан кийин ичи тарыган туура эмес деп эсептейм. Бергиң келбесе, башында эле бербей койгонуң туура. 

— Чыгармачылыкта жүрүп кандай материалдык байлык топтой алдыңыз?
— Үстүмдө үйүм, астында машинем бар. Өзүмө керектүү студия ачып алгам. Кудайга шүгүр.

— Айрым ырчылар тойдо ырдабайм, сахнаны сыйлаш керек дешет. Анан эле кечинде тойго барсаң, баягы ырчы жарк этип чыга келет. Сиз да тойлордо ырдагандан уяласызбы?

Эстрада ырчысы Каныкей. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Каныкей: мен эксперименттерди жасай турчу курактан өттүм
— Ырчы эл адамы болгондон кийин жер тандабаш керек. Бир гана сахнада ырдайм деген текеберчилик. 

— Сиз каалаган жерде ырдап берүүгө даярсызбы?
— Кээ бирде ыңгайсыз учурлар болот. Мисалы машинеге түшсөң деле "Оо, ырчы жигит экен, ырдап бер" деп сен күтпөгөн абалга калтыргандары кездешет. 

— Иниңиз Нияз чыгармачылыкка аралашып, ырдап жүрөт. Бирок сиздей болуп өрт ала албай жатат окшойт?
— Нияз намаз окуп, дин жагына басым жасагандыктан сүйүү ырларын аткарбайм деген принципти кармайт.

— Өзүнүздү кино тармагынан да сынап көрдүңүз?
— Мен өзүмдү актер катары эсептебейм. Ырчылар тартылган "Кайып булак" тасмасына режиссер Рыспек Жабировдун сунушу менен тартылсам, экинчи "Азап" тасмасы менин ырыма байланыштуу болгондуктан тартылып калдым. Жыйынтыгын сындагандар болду, бирок мен аракет кылдым.

Жаңылыктар түрмөгү
0