Кеп казына. Таластан чыккан Жеңижок, таймашаарга теңи жок

© Фото / Владислав УшаковКөлдүн жээгиндеги боз үйлөр. Архив
Көлдүн жээгиндеги боз үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орошон ойду эки ооз сөзгө батырып, ташка тамга баскандай айткан бабалардын кеп казынасы дагы далай кылымдарды карытар. Караңгыда көз, кыйчалышта сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Жаактуудан пенде төп келбеген айтылуу Жеңижок акын (Көкө уулу Өтө) Талас өрөөнүндө жарык дүйнөгө келип, кийин оорунун айынан Аксыдагы таякелерин пааналап, ошол жерди жердеп калган. 

Ашуунун көркү бийикте,
Мергендин көзү кийикте.
Башыңа мүшкүл иш түшсө,
Кападар болуп ийикпе!
Тоо сөөлөтү ташта бар,
Баканын көркү сазда бар.
Саамайдын көркү кызда бар,
Сайманын көркү узда бар.
Тамактын көркү тузда бар,
Чилденин көркү музда бар.
Бекерликке берилбей,
Дениң соодо иштеп ал!

***

Кыйла жашка барганың,
Кырктан ашып калганың.
Өзүңдүн ордуң жоголбойт
Өнүп өссө балдарың,
Жаныңда болсо дайыма
Жактырып тандап алганың,
"Аталашып" ийилип
Аяшпаса жардамын,
Өтө берет тирилик,
Кудай алсын калганын!

***

Жамаатың жаман болгон соң
Үйүң жакын конушпайт,
Ар кимиси арды айтып,
Ыркырашып болушпайт.
Эпке келип экөөбү
Кышкыга согум союшпайт.
Жазга маал алсырап,
Көтөрмөгө дан сурап
Карындары тоюшпайт.
Тогу болсо – көрө албайт,
Ачы болсо – бөлө албайт,
Алаар оору тооруса,
Алын сурап келе албайт.
Биринин алтын башы шылк этсе,
"Ырас кана болду" – деп,
Ызатын кылып көмө албайт.
Жакшы менен жаманды
Жараткан теңир эрикпей,
Жамаатың жаман болгон соң
Он сегиз болсо пайда жок
Чуркураган көп иттей!

***

Ооматы келген пенденин
Малы ташып, бай болот,
Түн карыткан ай болот,
Эгиздин бири пай болот,
Жабагы жүрүп – ат болот.
Он бир тууган болсоң да
Катташпасаң жат болот!

***

Кара кылды как жарган
Калыстык болот чеченде.
Карап турсаң калет жок,
Жеңижок айткан кеселде.

Жаңылыктар түрмөгү
0