Караколдо XX кылымдын башындагы кыргыздарды чагылдырган сүрөт көргөзмөсү ачылат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСүрөт көргөзмөсү. Архив
Сүрөт көргөзмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөттөрдүн көбү Орто Азияны кыдырып, Пржевальск (Каракол) шаарына келген окумуштуу саякатчылар тарабынан тартылып алынган.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. "Ысык-Көлдүн тарыхый мурасы" сүрөт көргөзмөсү Каракол шаарында ачыла турганын уюштуруучулар билдирди.

Тамчы айылындагы аэропорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын, РФтин, Казакстандын авиакомпаниялары Ысык-Көлгө каттам ачууну пландоодо
Бул иш-чара Караколдун туроператорлор ассоциациясы, Visit Karakol социалдык долбоору жана "Көчмөн" коомдук фонду тарабынан өткөрүлүүдө.

Көргөзмөдө 20-кылымда көлдүн айланасында жашаган кыргыздардын жашоо образын кеңири ачып берүү каралган. Ошондой эле көчмөн элдин жашоосун чагылдырылган сүрөттөр жана Ысык-Көлгө келген белгилүү кишилердин сүрөттөрү коюлат.

Сүрөттөрдүн көбү Орто Азияны кыдырып, Пржевальск (Каракол) шаарына келген окумуштуу саякатчылар тарабынан тартылып алынган.

Бул маданий иш чара 24-июнда шаардагы музыкалык училищеде өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0