Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы Рио-де-Жанейродо көрсөтүлөт

© Фото / Александр Федоров"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасынан кадр. Архив
Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 7-17-июль күндөргө белгиленип, Олимпиада оюндарынын алдындагы маанилүү маданий окуя болуп калмакчы.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында көрсөтүлө турганын Кинематография департаменти билдирди.

Режиссер Аманбек Ажымат. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Жашыл жазда кыялдарым орундалат". Тасманын дүйнөлүк премьерасы Амстердамда өтөт
Маалыматка ылайык, тасма Caixa маданий борборунда "Кызыл вестерндер" деп аталган программанын алкагында тартууланат. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 7-17-июль күндөргө белгиленип, Олимпиада оюндарынын алдындагы маанилүү маданий окуя болуп калмакчы.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарада Советтер Союзу менен Чыгыш Европа мамлекеттеринде вестерн жанрында тартылган тасмалар көрсөтүлөт. 

Биринчи жолу "Кызыл вестерндер" программасы 2011-жылы сунушталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0