Сырдуу Сафед-Булан комплекси тууралуу тасманын бет ачары болот

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинолента. Архив
Кинолента. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байыркы уламыштарда бул жерге Александр Македонский дагы келген деп айтылат.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө Кыргызстандагы эң сырдуу жер Сафед-Булан комплекси тууралуу "Сафед-Булан" аттуу документалдык тасманын бет ачары болот. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди. 

Вселенная Манаса тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эротикалык сценалары бар тасмага Кыргызстанда тыюу салынышы мүмкүн
Маалыматка ылайык, тасманын бет ачары бүгүн, 15-июнда саат 16.00дө өтөт. Кинону койгон режиссер Байышбек Исманов болсо, сценарийин Куттубек Каримов жазган.

Тасмада Кыргызстандын тарыхый-маданий мурас эстеликтеринин бири болгон Сафед-Булан комплекси тууралуу баяндалат.

Байыркы уламыштарга караганда бул жерге Александр Македонский дагы келген.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы бул аймакка Борбор Азиядан көптөгөн кишилер зыярат кылууга келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0