СССР Эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын чыгармачылык кечеси өтөт

© Sputnik / Александр Поготов / Медиабанкка өтүүСССР Эл артисти, КР Эл артисти, белгилүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева. Архив
СССР Эл артисти, КР Эл артисти, белгилүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кече театр сезонун жыйынтыктоочу иш чаралардын бири болуп, улуу таланттын 80 жылдык мааракесине арналууда.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. СССР Эл артисти, КР Эл артисти, белгилүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаеванын 80 жылдыгына арналган чыгармачылык кече өтөрүн Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 20-июнда Абдылас Малдыбаева атындагы опера жана балет театрында өтөт.

Кечеде Сартбаева эл аралык спектаклдерден ария, Европа жана улуттук классикадан жана кыргыз, орус композиторлорунун чыгармаларын аткарат. 

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүСССР Эл артисти, КР Эл артисти, белгилүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева
Солистка Киргизского академического театра оперы и балета Сартбаева - Sputnik Кыргызстан
СССР Эл артисти, КР Эл артисти, белгилүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева

Бул иш-чара театр сезонун жыйынтыктоочу иш чаралардын бири болуп эсептелет.

Сартбаева Кайыргүл 1936-жылы Чүй облусунун Кемин районунда төрөлгөн. Ал классикалык жана улуттук опералардагы негизги партияларды аткарган. Анын ичинен "Манас" операсында Каныкейдин, "Айчүрөктө" Айчүрөк, Калыйман, Келин жана башкалардын образдарын жогорку чеберчиликте тартуулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0