"Сахна" театры "Курманбек" спектаклин тартуулайт

Жазылуу
Чыгарма көрөрмандарга 14-июнь күнү тартууланат.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. "Сахна" эксперименталдык театры элдик дастандын негизинде коюлган "Курманбек" спектаклин тартуулайт. Бул тууралуу аталган театрдын жетекчиси, белгилүү режиссер Нурлан Асанбеков билдирди.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз илимпоздору Чыңгыз Айтматовду эскеришти
Анын айтымында, чыгарма 14-июнь күнү саат 18.00дө Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында өтөт.

Спектаклде кыргыз элинин 16-17-кылымдардагы тарыхый окуялары чагылдырылган. Ал сахна өнөрүнүн бардык түрү — эпикалык адабият, фольклордук жана заманбап музыканын синтездешүүсү менен элге тартууланмакчы. Анда Элдияр Жарашев, Өмүрзак Кайыпов, Илгиз Жунусов, Качкынбек кызы Айнура жана башка актерлор роль жараткан.

"Сахна" театры кенже эпосторду бүгүнкү күндүн көрөрманы үчүн ылайыктап сахналаштыруу менен алек болуп келет. Буга чейин "Кожожаш" жана "Мактым-Дастан" кенже эпосторун тартуулап келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0