Көлдүн жайлоосунда "Кийиз дүйнө – көчмөн руху" аттуу долбоор иштейт

Жазылуу
Жайлоодогу лагерде кыргыздын салттык кийимдерин кайра калыбына келтирип чыгууга басым жасалат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Көл өрөөнүндөгү жайлоодо бир жарым ай мезгилге жакын боз үйлөр лагери уюштурулуп анда байыркы кыргыз элинин көчмөн турмушундагы маданияты көрсөтүлөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фондусу билдирди.

"Миң кыял" коомдук фондусу жергиликтүү элдин арасына кыргыз салттарын таратып, көчмөн маданиятты сактап жана өнүктүрүү максатын көздөйт. Уюштуруучулар кийиз жасоо жана улуттук тамак-аштарды жасоо боюнча көрсөтүп берип үйрөтөт",— деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары кыргыздын салттык кийимдерин кайра калыбына келтирип чыгууга басым жасалат.

Бул долбоордун авторлору боз үйлөр лагерине барып, ага катышууну ниет кылгандарга эшик ачык экендигин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0