"Тумар" бийчилер тобу Словакиядагы эл аралык сынактын финалына өттү

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүБратислава шаары. Архив
Братислава шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган топто беш адам бийлейт. Алардын үчөөсүнүн саламаттык боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. "Тумар" бийчилер тобу Словакиянын баш калаасы Братиславада болгон "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" эл аралык сынагынын финалына өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган топтун бийчиси Эрмек Кадыров билдирди. 

Аталган топто беш адам бийлейт. Алардын үчөөсүнүн саламаттык боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген. 

"Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча эң мыкты номерлер дароо финалга өтөт. Биздин өнөрүбүз калыстарга жагып, дароо финалга жолдомо алдык", — деди Кадыров. 

Англияда өткөн Britain`s Got Talent — 2016 сынагы - Sputnik Кыргызстан
Атай жана "Тумар КР" тобу британиялык сынактын финалына чыкпай калды
Ал конкурстун финалы күз айларында өтөрүн кошумчалады. 

"Тумар" бийчилер тобу ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендигине карабастан коляскалар менен өнөрлөрүн көргөзүп келишет. Аталган топ буга чейин Кытай, Казакстан, Германия, Түркия, Гонконгдо Кыргызстандын желегин желбиретип келген.

Эске сала кетсек, аталган конкурска Атай Өмүрзаковдун "Адем" тобу да катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0