Кыргыз керемети. Кино кербен Ош менен Жалал-Абадды кыдырып жүрөт

© flickr.com / Nic McPheeКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Делегацияны Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев жетектеп, курамында Кыргыз эл артисттери Акылбек Абдыкалыков, Бакыт Карагулов бар.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Баткенден башталган Кино кербен Ошто өтүп жатат. Бул тууралуу Кинематография департаментинин жетекчи орун басары Айзада Усупбекова билдирди.

Белгилей кетсек, Тарых жана маданият жылына жана Кыргыз киносунун 75 жылдыгына арналган иш-чара аталган департамент тарабынан уюштурулуп, жыл аягына чейин Кыргызстандын бардык дубанын кыдырып чыгууну көздөйт. 

"Кербендин алкагында Ош, Жалал-Абаддын жашоочуларына Болот Шамшиевдин "Саманчынын жолу", "Ак кеме" жана Бакыт Карагуловдун "Найман эненин ыйы" тасмалары тартууланат", — деди Усупбекова. 

Кыргыз киносун жайылтуу, жаштарды тартууга багытталган кербен буга чейин Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында өткөн. 

Өлкөнүн түштүк аймагына барган кербендин сапары бүгүн, 4-июнда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0