"Жашыл жазда кыялдарым орундалат". Тасманын дүйнөлүк премьерасы Амстердамда өтөт

© Фото / пресс-служба Департамента кинематографии при МКИТРежиссер Аманбек Ажымат. Архив
Режиссер Аманбек Ажымат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Даректүү фильмдин улуттук бет ачары мындан үч күн мурун Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө болгон.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Режиссер Аманбек Ажыматтын "Жашыл жазда кыялдарым орундалат" аттуу даректүү тасмасы жыл соңунда Амстердамда өтө турган ири кинофестивалга катышуусу толук мүмкүн. Бул туурасында белгилүү кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

Эскерте кетсек, онкологиялык оорулуу Рима аттуу аялдын дартына карабай мээси жабыркаган балдарды багып алышы, анын көйгөйлөрү тууралуу даректүү тасманын улуттук бет ачары 31-майда өткөн.

"Тасма фестивалга барат. Бирок конкурстук программага катышуусу азырынча күмөн. IDF Amsterdam кинофестивалы бай тарыхка ээ, ал документалдуу кинолордун эң абройлуу сынагы болуп саналат", — деди Төлөмүшова.

40 мүнөткө созулган тасмага белгилүү режиссер Темир Бирназаров жана Асел Жураева продюсерлик кылган.

Кино таануучу буга чейин аталган конкурста Кыргызстандан Чыңгыз Нарыновдун "Темир нан" даректүү тасмасы көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0