Палоо, дарчы, улуттук кийим — Ошто эл аралык "Этномаданият" фестивалы башталды

© Фото / секретариат ВИКОш шаарында эл аралык "Этномаданият" фестивалы
Ош шаарында эл аралык Этномаданият фестивалы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган иш-чара Тарых жана маданият жылынын жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүүдө.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бүгүн, 2-июнда Ош шаарында эл аралык "Этномаданият" фестивалы башталганын Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.

Түштүк калаанын алты аянтчасында кол өнөрчүлүк, килем токумай, улуттук кийимди тигүү жана улуттук тамак-ашты даярдоо боюнча мастер-класстар өткөрүлүүдө. Мындан тышкары, палоо басуу фестивалы уюштурулуп, жергиликтүү тургундар жана фестивалдын катышуучулары ар түрдүү ыкма менен бышырылган палоонун даамын тата алышат.

"Иш-чарага келген коноктор Султан Ибраимов атындагы кыргыз драма театрынан тарта борбордук аянтчага чейин эскиче жасалгаланган көчөнү аралап, байыркы чыгыш маданиятына сүңгүй алышат. Дарчылар, көчө ырчылары, маскарапоздор өз өнөрлөрүн тартуулайт", — деп айтылат билдирүүдө.

"Этномаданият" фестивалы 3-июнь күнү кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы гала концерт менен жыйынтыкталат.

Фестиваль "Тарых жана маданият" жылын өткөрүү боюнча уюштуруу дирекциясы, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы, Ош шаарынын мэриясы, кыргыз өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарымдуу өкүлчүлүктөрү тарабынан уюштурулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0