Манасчы Саякбай Каралаевдин энциклопедиясы жарык көрдү

© Фото / пресс-служба академии наук КРМанасчы Саякбай Каралаевдин энциклопедиясы
Манасчы Саякбай Каралаевдин энциклопедиясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Энциклопедия 500 нускада чыкты. Анда улуу манасчынын өмүр баяны менен чыгармачылыгы камтылган.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Манасчы Саякбай Каралаевдин энциклопедиясы жарык көргөндүгү тууралуу Улуттук илимдер академиясынан кабарлашты. 

Маалыматка караганда китеп илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен жарык көргөн. 

"Энциклопедияда улуу манасчынын өмүр баяны менен чыгармачылыгы, ал жөнүндө ой-пикирлер жана документтер кеңири камтылган", — деп айтылат маалыматта. 

Энциклопедия 500 нускада чыгып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Самат Ибраев менен коомдук ишмер Болот Берикбаев тарабынан каржыланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0