"Сейде" июнь айында Америка менен Японияга барат

© flickr.com / Nic McPheeКинолента. Архив
Кинолента. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14 мүнөткө созулган кыска метраждуу тасма алыскы айылда жашаган Сейде аттуу кыз менен анын жакшы көргөн аты туурасындагы окуяны баяндайт.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. "Сейде" тасмасы июнь айында Америкадагы жана Япониядагы эки конкурска атышат. Бул туурасында Кинематографияны колдоо фондусу маалымдады. 

"Сейде" тасмасы Токио шаарында өтө турган эл аралык кинофестивалдын конкурсанттары менен Британиялык кино жана телеберүү искусствосу академиясынын финалисттеринин катарына кирди", — деп айтылат аталган сайттагы маалыматта. 

"BAFTA – Лос-Анжелес" АКШнын кино өнөрү боюнча жогорку окуу жайларында окуган студенттер тарабынан тартылган финалисттеринин тизмесин жарыялады. Финалга чыккан сегиз тасма 2016-жылдын 16-июнунда Беверли Хиллстеги Wallis Annenberg борборундагы гала-салтанатта көрсөтүлөт.

"Сейденин" режиссеру Элнура Осмоналиева июндун алтысында Лос-Анжелеске, ал эми төрт күндөн соң Күн Чыгыш өлкөсүнө сапар алып, кайрадан океандын ары жагына барарын кабарлады. 

"Сейде" 8-июнда Американын Режиссерлор гильдиясында көрсөтүлөт. Ушул эле күнү Нью-Йорк университетинин киномектебинин магистрлери арасындагы конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты өтөт. 11-июнда Токиого — Азия өлкөлөрүнүн кыска метраждуу картиналарынын конкурстук программасынын алкагында "Сейде" катыша турган кинофестивалга учуп кетем", — деп билдирген Осмоналиева. 

Андан кийин режиссер Лос-Анжелестеги Беверли Хилздеги конкурска учуп барат.

14 мүнөткө созулган кыска метраждуу тасма алыскы айылда жашаган Сейде аттуу кыз менен анын жакшы көргөн аты туурасындагы окуяны баяндайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0