Кыргызстанда Кувейттин маданият күндөрү өтөт

© flickr.com / Metro CentricКувейт мамлекетинин желеги. Архив
Кувейт мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара төрт күнгө созулуп, чет элдик делегация Көчмөндөр оюндары өтө турган "Кырчын" жайлоосуна барышы күтүлүүдө.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстанда Кувейт мамлекетинин маданият күндөрү өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Кыргызстандын Кувейттеги толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шарипов өлкөнүн спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Ахмад Абдульраззак Аль-Кхазал менен жолугуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарына Кувейт мамлекети чакырылды
Иш-чара 31-майда Бишкекте башталып 3-июнга чейин Ысык-Көлдө созулат. Анын жүрүшүндө Кувейт элинин маданият, тарыхын, жашоо тиричилигин, ошондой эле кыргыз-кувейт мамилелерин чагылдырган көргөзмөлөр, жолугушуулар уюштурулмакчы.

2-июнда Кувейттин расмий делегациясы Ысык-Көл облусуна барып, Көчмөндөр оюндары өтө турган "Кырчын" жайлоосунда болот. Ал жерден меймандарга "Бүркүт салуу, "Тайган жарыш", "Жаа атуу" жана башка улуттук оюндар көрсөтүлөт. 

Маданият күндөрү ири программадагы гала-концерт менен аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0