19:27 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Россиялык Виктортобунун негиздөөчүсү жана ырчысы Асхат Ош (Калбаев). Архив

"Виктор"тобунун негиздөөчүсү, ырчысы Асхат Ош (Калбаев) Ошко келет

© Sputnik / Владимир Астапкович
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
100 0 0

Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнда Ош шаарында Эл аралык "Этномаданият" фестивалы өткөрүлөт.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Россиялык "Виктор"тобунун негиздөөчүсү жана ырчысы Асхат Ош (Калбаев) Эл аралык I этномаданият фестивалына ардактуу конок катары келет. Бул туурасында Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

"Виктор" тобу 1996-жылы июнь айында Санкт-Петербург шаарында белгилүү ырчы Виктор Цойдун элесине арналып уюштурулган. Ошондой эле аталган топтун репертуары Виктор Цойдун жана "Кино" тобунун ырларынан түзүлгөн. Топтун жетекчиси жана солисти Асхат Калбаев Ош шаарында туулуп-өскөн.

Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнда Ош шаарында Эл аралык "Этномаданият" фестивалы өткөрүлөт. 

Уюштуруучулар эл аралык "Этномаданият" фестивалы конокторду Ош шаарчасында кыргыз айылына чакырып, ал элди байыркы, кызыктуу дүйнөгө келгендей таасир калтырат деген ишенимде.

Фестивалдын экинчи туру Бишкек шаарында өтмөкчү. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Россиядан дизайнерлер, кол өнөрчүлөр, этникалык-фольклордук топтор, чыгыш ашканасынын мыктылары, сүрөтчүлөр катышат. Фестиваль чоң гала-концерт менен жыйынтыкталат.

Фестивалдын салтанаттуу ачылышы Ош шаарынын Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын алдындагы аянтта 2-июнда болот.

Тема боюнча

Көчмөндөр оюндарынын проморолигин Маданият министрлиги тартуулады
Британиянын калыстары Атай Өмүрзаков менен "Тумар КР" тобуна тура калып кол чабышты
Белгилер:
конок, Тарых жана маданият жылы, Асхат Ош, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ