Эртең китепканачылар ырдап, бийлеп, мода көргөзөт

Жазылуу
Уюштуруучулар борборлоштурулган китепканада өтө турган конкурстун максаты — китепканачылардын кесиптик чеберчилигин арттырып, чыгармачыл демилгелерге түрткү берүү экендигин айтышты.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Эртең борбор калаадагы китепканалардын кызматкерлери "2016-жылдагы мыкты китепканачы" наамы үчүн ат салышат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

27-майда Борборлоштурулган китепканада быйылкы жылдын мыкты китепканачысы деген наам үчүн сынак өтүп, ага шаардагы бул багытта иштеген мекемелер катышат. 

"Конкурстун максаты — алардын кесиптик чеберчилигин арттырып, чыгармачыл демилгелерге түрткү берүү", — деп билдирди мэриянын маалымат кызматы. 

Сынакка катышкандар өздөрүнүн ар тараптуулугун, тапкычтыгын жана демилгени колго алып кете ала турган жөндөмүн көрсөтүшү зарыл. 

Китепканачылар андан сырткары "Тарых жана маданият жылы", "Кулинардык таймаш", "Биздин таланттар" жана"2016-жылдын жазы менен жайы" деген номинацияларда ат салышмакчы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0