Тарых жана маданият жылын өткөрүүгө 94 млн. сом бөлүнгөн

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген бала. Архив
Улуттук кийим кийген бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы жергиликтүү бийлик органдары маданий-тарыхый окуялар белгиленип жаткан аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга да күч-аракет менен каражатты багыттоосу керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Тарых жана маданият жылынын алкагындагы иш-чараларды өткөрүүгө республикалык бюджеттен 94 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен өткөн Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында айтылды.

Улуттук кийим кийген ырчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Этномаданият" фестивалы: элге байыркы Оштун элеси тартууланат
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө жыйында Жарлыктын аткарылышы талкууланды. 

Премьер-министр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Тарых жана маданият жылынын алкагында салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү менен гана чектелбестен, маданий-тарыхый окуялар белгиленип жаткан аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга да күч-аракет менен каражатты багыттоосу керектигин кошумчалады.

"Бул багытта алдыда 78 комплекстүү иш-чара пландаштырылууда. Аларды өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен 94 миллион сом бөлүнгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюну, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин негизделгендигинин 80 жылдыгы жана 1916-жылкы окуялардын 100 жылдыгы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0