Кыргыздын чапаны Франциядагы мода жумалыгында көпчүлүктүн купулуна толду

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүГорода мира. Страсбург
Города мира. Страсбург - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз дизайнери ата-бабалардын кийген кийимдерин унутта калтырбай, улуттук баалуулуктарды сактоого басым жасап келет.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Учурда Франциянын Страсбург шаарында Strasbourg Fashion Week мода жумалыгы өтүп, ага кыргызстандык дизайнер Жумагүл Сариева заманбап стилде жасалган чапандардын коллекциясын көрсөттү. Бул тууралуу мода жумалыктын расмий сайтында маалымдалат.

Сариева өз эмгектерин 25-майда калың элдин назарына сунуштаган. Кымча бел кыздар жалаң колго жасалып, түрдүү сайма түшүрүлгөн кийимдерди кийип, мода сүйүүчүлөргө көрсөтүшкөн. 

"Кыргызстандык дизайнер чыгармачылыгы менен чапанга жаңыча түр берип, бардык жаш курактагыларга ыңгайлаштырган. Аны күнүмдүк турмушта, майрамдык кечелерге да кийсе болот. Дизайнер улуттук кийимди унутта калтырбай, аны замандын талабына ылайык иштеп чыккан", — деп жазылат Strasbourg Fashion Week расмий сайтында.

Жыл сайын салтка айланып калган бул мода жумалыгы 24-майда башталып төрт күнгө созулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0