Кинематография департаменти мыкты кинодолбоорго сынак жарыялайт

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынак эки этап менен өтөт. Кыргызстандын бардык кинематографиялык уюмдары, көз карандысыз продюсерлер катыша алат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кинематография департаменти улуттук тасма үчүн мыкты кино долбоорлор үчүн сынак жарыялай турганын аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма тартууну мамлекет толугу менен же жарым-жартылай каржылайт. Сынакка Кыргызстандын бардык кинематографиялык уюмдары, көз карандысыз продюсерлер катыша алат. 

"Долбоор социалдык тематикада болуп, коомдун жарандык жана моралдык ченемдерине жооп бериши керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Сынак эки этап менен өтүп, 15-июлга чейин арыздар кабыл алынса, 30-июлга чейин эксперттик комиссиянын жыйыны өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0