Бишкек "КВН-55" желек эстафетасына катышат

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүКВН сахнасы. Архив
КВН сахнасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Февраль айында олимпиадалык оттун КВНдик аналогу башталган. Ал 10-ноябрда Москва шаарында аяктап, эстафетанын желеги 75 шаарды кыдырат.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкек "КВН-55" желек эстафетасына катышат. Бул тууралуу маалымат КВНдин расмий сайтына жарыяланды. 

Азия MIX командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX": Эрнст столду ургулап, Галустян көзүнөн жаш акканча күлдү
"КВН-55" — оюндун мааракелик жылындагы маанилүү иш-чаралардын бири. Бул олимпиадалык оттун КВНдик аналогу болуп эсептелет. Анын алкагында клубдун желеги Эл аралык союздун лигасы бар 75 шаарды кыдырат. Бардыгы 87ни түзөт. 

Эстафета 16-февралда Москвада өткөн жаңы сезондун оюнунда башталган. Желек учурда Брянск шаарында. 11-13-октябрда ал Кыргызстанга жөнөтүлөт. Бишкекке чейин желекти Астана кабыл алат, ал эми Кыргызстандан кийин Омскиге жөнөйт. 

Эстафета 10-ноябрда Россиянын борбору Москвада аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0