Кикбоксинг боюнча Евразия чемпиону кыргыз тасмасында башка ролду жаратты

Жазылуу
Данияр Абдыкеримов тасмасын бир жарым жыл тартып, анын үстүндө жүздөн ашык киши иштеген.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кикбоксинг боюнча Евразиянын эки жолку чемпиону Кумар Жалилов "Сагын" тасмасында башкы ролду жаратты. Бул тууралуу спортчу өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Аталган тасманын бет ачары 26-майда болот. Кинодо турмуш сыноосун башынан өткөргөн баланын тагдыры сүрөттөлөт.

Режиссер Данияр Абдыкеримов тасманын сценарийин досу Канат Андашев менен жазганын кантип жазганын айтып берди.

"Кинону көп убакыт тарттык, бирок короткон убактыбыз өзүн актады деп ойлойбуз. Актерлерди да жакшы тандап алдык. Башкы каарман профессионал артист болбогону менен менин идеяларымды жакшы түшүнүп жатты", — дейт режиссер.

Башкы каарман Сагындын ролун аткарган Кумар Жалилов мындай тасмага тартылуу кыялы балачагынан эле бар экенин айтты.

"Тасмадагы башкы каарман кызды жактырып калып туулуп өскөн айылын таштап, шаарга келет. Алар жаңы турмуш жолуна аттанат, бирок анын аялы каза болуп калат", — дейт Жалиев.

Тасма бир жарым жыл тартылып, анын үстүндө жүздөн ашык киши иштеген. Анын бет ачары 26-майда болуп, калың элге сунушталат.

Кумар Жалилов Евразиянын, Азия континентинин чемпиону, Дүйнөлүк чемпионаттын коло медалынын ээси.

Жаңылыктар түрмөгү
0