Кыргызстандык жетекчи болгон команда РФте өткөн роботтор сынагында жеңүүчү аталды

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүТомск шаары. Архив
Томск шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирге ылайык, алар жасаган робот мина коюлган аймактан аман-эсен өтүп, кайра артка келүүсү керек эле.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызстандык жигит башчылык кылган команда бүткүл Россиялык робот техникаларынын "ТехноЛаб" конкурсунда жеңишке жетишти. Бул тууралуу Иркутск улуттук техникалык изилдөө университетинин расмий сайтында маалымдалды.

Операция лампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адамдан да мыкты операция жасай турган хирург-робот жарык көрдү
Маалыматка ылайык, 12-13-май күндөрү Томск шаарында бүткүл Россиялык "RoboScienсe Томск-2016" сынагы өттү. Конкурстун алкагында кыргызстандык Валерий Фоломеев капитандык кылган команда мыкты аталды.

Фоломеев Бишкек шаардык №41-мектебин аяктаган. Учурда Иркутск университетинде биринчи курста окуйт.

Сынакка ылайык, алар жасаган робот мина коюлган аймактан аман-эсен өтүп, кайра артка келүүсү керек эле.

"Жеңишке оңой менен жеткен жокпсуз. Маңдай тер төгө мээнет кылдык. Ар бир катышуучуга үч жолудан мүмкүнчүлүк берилди. Биздин экинчи аракетибиз оңунан чыгып, 70 упай алдык", — деди Фоломеев.

"ТехноЛаб" — бул жаңы ойлоп тапкычтардын жарышы. Анда роббот машиналар ар кыл тапшырмаларды аткарышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0