Ырчы Жамалага Украинанын эл артисти наамы ыйгарылды

© REUTERS / TT NEWS AGENCYУкраиналык ырчы Жамала "Евровидение-2016" сынагынын финалында
Украиналык ырчы Жамала Евровидение-2016 сынагынын финалында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Порошенко Жамаланын "Евровидение" сынагындагы жеңиши Крымды Украинага кайтарууга өбөлгө болот деп эсептейт.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Украинанын президенти Петр Порошенко ырчы Жамалага "Евровидение" сынагындагы жеңишинен кийин эл артисти наамын ыйгарганын өлкө башчынын маалымат катчысы Святослав Цеголко Twitter баракчасында билдирди.

Ырчы Жамаланын Ошто жашаганын Каттоо кызматы тастыктады
Ишемби күнү Стокгольмдо "Евровидение-2016" сынагынын финалы өтүп, анда украиналык ырчы жеңүүчү деп табылган. 

Порошенко өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине Жамалага ЮНИСЕФтин ыктыярдуу элчиси деген ардактуу наам берүү сунушу менен аталган уюмга кайрылууну тапшырды.

Өлкө башчы Жамаланын жеңишинин украин эли жана крым татарлары үчүн мааниси зор экенин белгиледи. Порошенконун айтымында, "Евровидениедеги" жеңиш Крымды Ураинага кайтарууга өбөлгө болуп бермекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0