Кыргызстандыктар Лондондо өтө турган "Этно Арт Фестке" чакыруу алды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБиг бен сааты, Лондон. Архив
Биг бен сааты, Лондон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул иш-чаранын алкагында этнографикалык көргөзмө уюштурулуп, анын бир бөлүгү Кыргызстанга арналат.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Лондон шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин 25 жылдыгына арналган "Этно арт фест" деп аталган көргөзмө өтүп, ага Кыргызстан да чакырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

"Этно Арт Фест" долбоору соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жааттагы эл аралык алакаларды арттыруу максатын көздөйт. Иш-чара майдын аягына пландалып, азырынча так датасы билине элек.

Сүтак тасмасынын башкы каарманы Табылды Актанов Ак Илбирс улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи учурунда. - Sputnik Кыргызстан
"Сүтак" "Ак Илбирстин" баарын илип кетти
Көргөзмөнү уюштуруучулар кыргызстандыктарды – маданияттын, бизнестин өкүлдөрүн чакырып, ал жердеги элге өздөрүнүн продукциясын элге тартуулоону сунуштады.

Иш-чаранын маданий бөлүгү этнографиялык көргөзмөдөн турат, анда КМШ элдеринин тарыхый маданий жана этномаданий салттары баяндалмакчы. Этнографикалык көргөзмөнү бир бөлүгү Кыргызстанга арналат.

Долбоордун алкагында бизнес-форум, концерт уюштурулуп, альбома-каталогдун бет ачары өтүп, кыргызстандык моделерлер заманбап жана улуттук кийимдерди тартуулап, өлкө туурасындагы видеофильм тартууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0