Театрлар таймашында Кочкор театры жеңишке жетишти

Жазылуу
Бүгүн Касымалы Жантошев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театры менен Жумгал драма театры таймашат.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. "Тарых жана маданият" жылына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган "Театрлар таймашында" Кочкор драма театры Муратбек Рыскулов атындагы Нарын академиялык драма театры менен беттешип жеңишке жетишти. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Сахнадагы театр артисти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүй облустук театры улуттук драма театрын жеңип алды
Таймаш Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык- драма театрында өтүүдө. Беттешкен эки театрдын жамааты Мустай Каримдин "Ай тутулган түндө", Акималы Чекировдун "Байзак баатыр" жана Эрнис Турсуновдун "Баш мээси менен" аттуу спектаклдеринен үзүндү тартуулашты. 

Натыйжада Кочкор драма театры жеңишке жетишти.

Бүгүн, 11-майда Касымалы Жантөшев атындагы Ысык Көл музыкалык драма театры менен Жумгал драма театры таймашат. 

Театрлар таймашы аталган министрлик тарабынан демилгеленип, жыл башынан бери республиканын булуң-бурчундагы театрлардын катышуусу менен өтүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0