Бишкекте энелердин урматына "Эне — Ааламдын руху" аттуу сүрөт көргөзмөсү болот

Жазылуу
Иш-чарада графика, скульптура, кол өнөрчүлүк боюнча эмгектенген жаш муун өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын студенттери эне менен баланын ортосундагы сүйүү сезимин чагылдырган эмгектерин тартуулашат.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкекте энелердин күнүнө арналган "Эне — Ааламдын руху" аттуу сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 

Бишкекте фронттогу солдаттын тагдыры тууралуу көргөзмө ачылды
Көргөзмөнүн ачылышы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 2016-жылы 12-майда саат 15.00дө башталат. Иш-чара "Кыргызстан Аялдар конгресси" жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте Тарых жана маданият жылынын алкагында уюштурулууда. 

Көргөзмөдө республикага эмгеги сиңген атактуу чыгармачыл адамдары менен живопись, графика, скульптура, кол өнөрчүлүк боюнча эмгектенген жаш муун өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын студенттери эне менен баланын ортосундагы сүйүү сезими, аруулук чагылдырылган өздөрүнүн чыгармаларын көрсөтө алышат.

Көргөзмөгө кирүү акысыз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0