"Ак Илбирс" сыйлыгы үчүн ат салыша тургандар аныкталды

© AFP / MARTIN BUREAU Кинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлык тапшыруу аземи 13-май күнү "Манас" кинотеатрында өтөт.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыктын номинанттары белгилүү болгонун белгилүү кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

Эскерте кетсек, сынакка 2015-жылы тартылган  тасмалар катыша алат. 

  • Мында "Мыкты тасма" номинациясында "Асман алдында", "Биртууганчик" жана "Сүтак" фильмдери ат салышмай болду. 
  • "Мыкты режиссер" — Дальмира Тилепбергенова ("Асман алдында"), Данияр Болотбеков жана Асхат Табалдиев ("Биртууганчик"), Мирлан Абдыкалыков ("Сүтак");
  • "Мыкты сценарий" — Дальмира Тилепбергенова ("Асман алдында"), Данияр Болотбеков, Асхат Табалдиев, Бакыт Осмоналиев, Жеңиш Майрамбек уулу ("Биртууганчик") Актан Арым Кубат жана Эрнест Абдыжапаров (Сүтак);
  • "Мыкты оператор" — Акжол Бекболотов ("Асман алдында"), Жоомарт Эгем ("Биртууганчик"), Талант Акынбеков ("Сүтак");
  • "Мыкты художник" — Адис Сейталиев ("Асман алдында"), Орозбай Абсаттаров ("Раззаков"), Адис Сейталиев ("Сүтак");
  • "Мыкты композитор" — Муратбек Бегалиев ("Арзы"), Мурзалы Жээнбаев ("Асман алдында"), Мурзалы Жээнбаев ("Сүтак");
  • "Мыкты үн режиссеру" — Рахат Шамшиев ("Арзы"), Дмитрий Шаршенов ("Биртууганчик"), Мурат Ажиев жана Бакыт Ниязалиев ("Сүтак");
  • "Мыкты монтаж" — Улан Шеримбеков ("Биртууганчик"), Улукбек Абдинабиев жана Канат Камчыбеков ("Раззаков"), Элдияр Мадаким ("Сүтак");
  • "Эркектин мыкты ролу" — Анвар Осмоналиев ("Асман алдында"), Табылды Актанов ("Сүтак"), Арслан Жумакадыров ("Арзы");
  • "Аялдын мыкты ролу" — Таалайкан Абазова ("Асман алдында"), Анара Назаркулова ("Сүтак"), Анара Солпиева ("Арзы");
  • "Мыкты даректүү тасма" — "Аруулук балдары", "Каникул", "Акыркы гастроль";
  • "Мыкты кыска метраждуу тасма" — "Таксист", "Тегирмен", "Шакек";
  • "Борбор Азиянын мыкты тасмасы" — "Воздушный Сафар" (Тажикстан), "Дом для русалок" (Өзбекстан), "Шалаш" (Казакстан).

Буга чейин көрүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма катары "Биртууганчик" фильми аталган. "Ак Илбирс" Улуттук кинематографка кошкон салымы үчүн белгилүү режиссер Нуртай Борбиевге, ал эми Дүйнөлүк кинематографка кошкон салымы үчүн Наталья Аринбасаровага берилет. 

Сыйлык тапшыруу аземи 13-май күнү саат 18.00дө "Манас" кинотеатрында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0