Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобу англиялыктардын оозун ачырып, кийинки турга өттү

© AFP / NIKLAS HALLE'NБиг-Бен саатынын өнүндөгү Британиянын желеги. Архив
Биг-Бен саатынын өнүндөгү Британиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал ортодо Англиянын жергиликтүү басылмалары кыргыздын таланттуу бийчилери тууралуу жазып чыгышты.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Атактуу бийчи Атай Өмүрзаков өзүнүн "Тумар КР" тобу менен "Британия таланттарды издейт — 2016" (Britain's Got Talent 2016) шоусуна катышып, кийинки турга өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Атай Өмүрзаков билдирди. 

 

Подготовка нового номера для "Britain's Got Talent 2016"

A photo posted by Atai Omurzakov Tumar KR Adem (@atai_tumar.kr_adem) on Feb 9, 2016 at 1:39am PST

 

Бийчилердин талантына күбө болгон калыстар четинен таң калышып, таланттуу кыргыз жигиттерин бир добуштан кийинки турга өткөрүштү. Ал ортодо бийчилердин номерине күбө болгон англиялыктар ордунан тура калып кол чаап, сүрөөнгө алышты.

Кыргызстандык ырчы Жийдеш Идирисова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жийдеш Идирисова "Евровидение — 2016" сынагынын тандоо турунда калыстык кылды
Англиянын жергилктүү басылмалары кыргызстандык жигиттердин ийгилигин жазып чыгып, анда калыстардын эмоциясын баяндайт. Ага ылайык, белин бурап бийлеген кыргыз жигиттерине калыстык кылган төрт калыстын бири ордунан так секирип тура калса, экинчиси таң калганын жашырган жок. Ал эми үчүнчү калыстын эки көзү төрт болсо, төртүнчү калыс шатырата кол чапкан. 

Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобу буга чейин Украина, Чехия жана Россияда өткөн телешоуларга катышып, ийгилик жарата алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0