Бишкекте ислам илимине байланыштуу эски китептердин фестивалы өтөт

© Sputnik / Д. Калинин / Медиабанкка өтүүXIX кылымдагы Куран китеби. Архив
XIX кылымдагы Куран китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалдын жүрүшүндө эң эски, көлөмү эң чоң, эң оор, эң калың, эң кооз жасалгаланып, таза сакталган, башкалардан өзгөчө, бирок, эң көп томдуу китептер боюнча тандалган китеп ээлерине ыраазычылык баракчалары тапшырылат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Борбор калаада эски китептердин фестивалы өтөөрүн муфтияттын маалымат кызматы билдирди. 

Иш чара "Тарых жана маданият" жылынын алкагында жана Кыргызстандын маданиятын, тилин, салттуу руханий баалуулуктарын сактоо жана өнүктүрүү максатында өткөрүлөт. 

"Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Бишкек шаардык казыяты калаа тургундарын жана конокторун 8-май күнү саат 14:00до борбордук мечитте боло турган эски китептердин фестивалына чакырат", — деп айтылат маалыматта. 

Китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Имамдар үчүн колдонмо китеп жарык көрдү
Иш-чара Кыргызстан тарыхын жана маданиятын изилдөө жана жайылтуу, улуттук маданиятты өнүктүрүү, руханий мурасты жана материалдык маданиятты бекемдөө, элдин руханий баалуулуктарын кайрадан жандантуу максатында өткөрүлүүдө.

Ар бир жаран кылымдардан сакталып келе жаткан ислам динине байланышкан эски кол жазма китептерин, арабча, түркчө шариат маалыматтары камтылган китептерин жана башка ислам баалуулуктары болгон буюм-тайымдарын алып келип, көргөзмөгө катышса болот.

Фестивалдын жүрүшүндө эң эски (басып чыгарылган жылы анык далилдер менен болсо), көлөмү эң чоң, эң оор, эң калың, эң кооз жасалгаланып, таза сакталган, башкалардан өзгөчө, бирок, эң көп томдуу китептер боюнча тандалган китеп ээлерине ыраазычылык баракчалары тапшырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0