Бишкекте Кыргыз радиосунун 85 жылдыгына карата форум өтүүдө

© flickr.com / John SchneiderРадио микрофондор. Архив
Радио микрофондор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиа форумдун катышуучулары Кыргызстандагы радионун ордун жана ага болгон маалымат технологияларынын таасирин талкуулап жатышат.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкекте "Санарип технология доорундагы радионун ролу" аттуу эл аралык медиафорум өтүп жатканын КТРКнын "Маданият тарых тил" телеканалынын продюсери Назира Аалы кызы билдирди.

Китепканадагы окурман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "Кылым карыткан Кыргыз радиосу" аттуу китеп-сүрөт көргөзмө өтөт
Коомдук телерадиокорпорация 1931-жылдын 30-апрелинде обого чыга баштаган Кыргыз радиосунун 85 жылдыгын белгилеп жатат.

Форумга Кыргызстан жана чет өлкөдөн келген радио кызматкерлери катышууда. Алар бүгүнкү күндөгү маалымат айдыңында сөз эркиндигин калыптандыруудагы радионун маанисин жана радиоберүүнүн өнүгүүсүнө санарип технологиялардын таасирин талкуулап жатышат. 

Иш-чара "Маданият тарых тил" телеканалынан түз алып көрсөтүлүүдө. Эскерте кетсек, 30-апрелде КТРКда Кыргыз радиосуна арналган майрамдык концерт болуп өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0