"Ак Илбирс": Борбор Азиянын мыкты тасмасы үчүн үч фильм ат салышууда

© flickr.com / Nic McPheeКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыкты тасма номинациясында Тажикстандын, Өзбекстан, Эстония жана Россия менен биргелешкен, ошондой эле Казакстандын тасмалары ат салышууда.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. "Борбордук Азиянын макты тасмасы" номинациясында күч сынаша турган фильмдердин тизмеси аныкталганын кинодолбоордун менеджери Чолпон Идрисова билдирди.

"Ак Илбирс" кинофестивалынын сыйлык тапшыруу аземи 13-май күнү "Манас" кинотеатрында өтөт.

"Ак Илбирс": улуттук кино өнөрүнө салым кошкон адам аныкталды
Аталган номинацияда "Воздушный Сафар" (Тажикстан), "Дом для русалок", (Өзбекстан — Эстония — Россия) жана "Шалаш" (Өзбекстан) тасмалары ат салышат.

Эскерте кетсек, былтыр "Борбордук Азиянын мыкты тасмасы" номинациясын казакстандык режиссер Адилхан Ержановдун "Хозяева" аттуу тасмасы жеңип алган. 

"Ак Илбирс" 2012-жылы негизделип, Кыргызстандын кинематография жаатында ийгиликке жетишкен тасмаларга ак илбирс түшүрүлгөн статуэтка ыйгарылат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган киносыйлыктын расмий өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0