Кыргызстандык үч бийчи россиялык "Танцы" шоусунун кийинки туруна өттү

Жазылуу
Тандоо этабы сентябрь айында Россиянын ТНТ каналынан көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кыргызстандык үч бийчи россиялык "Танцы" шоусунун кийинки туруна өткөнүн катышуучулардын жакын таанышы Рыскүл Керимбаева билдирди.

Тилан: Жагып атабы? Жасай бер, ийгилик өзү эле келет
Бийчилер Жан Воинов, Нурсултан Алибеков менен Тилан Садырбаевди калыстар бир добуштан колдоп, кийинки турга өтүүгө мүмкүнчүлүк берген.

Тандоо туру 1-майда өтүп, ал сентябрда ТНТ каналынан көрсөтүлөт.

Кыргызстандык бийчи Жан Воинов поппинг стилинде бийлейт, Тилан Садырбаев хип-хоп боюнча мыкты. Ал буга чейин "Танцы" телешоусуна катышып, финалга өтпөй калган. Ал эми Нурсултан Алибеков болсо MOSCOW ELECTRO BEAT 3 FINAL конкурсунун финалына катышкан. Бул бийчи хип-хоп жана поппинг стилинде бийлейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0