Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы ырлар опера балет театрында жаңырат

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук опера жана балет театры. Архив
Улуттук опера жана балет театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концерттик иш-чарада "Катюша","Смуглянка", "Жеңиш күнү" сыяктуу аскерий чыгармалар аткарылат.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Улуттук опера жана балет театрында Улуу Жеңиш күнүнө карата концерттик иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, концерттик кече 8-майда саат 17.00дө башталат.

Кант авиабазасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин жаштары Канттагы авиабазада аскер ырларын аткарып концерт коюшту
Анда опера жана балет театрынын солисттеринин катышуусунда "Катюша","Смуглянка", "Жеңиш күнү" сыяктуу аскерий чыгармалар аткарылат.

Концертке кирүү бекер.

Эскерте кетсек, быйыл 9-майда аскердик парад пландаштырылбаганы менен майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Мындан сырткары, "Өлбөс полк" жүрүшү 9-май күнү Түштүк дарбазадан башталып, Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу Фрунзе көчөсүнө чейин түшүп келип, "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отто жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0