Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кыргыз радиосунан эки күн бою тынбай Манас жаңырат

Жазылуу
Иш-чарага манасчылар Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Дөөлөт Сыдыков жана Улан Исмаиловдор катышат.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Кыргыз радио бирикмесинин 85 жылдыгына карата эки күн бою түз эфирден Манас айтыла турганын белгилүү манасчы Улан Исмаилов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, КТРК тарабынан демилгеленген иш-чара 5-7-май күндөрүнө белгиленген. Анда "Кыргыз радиосунан" эки күн бою манасчылар Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Дөөлөт Сыдыков жана Улан Исмаиловдор бири-бирин улап, улуу жомокту баяндап беришет. 

Маалыматта бул күнү аталган радионун эфиринен башка берүүлөр алынганы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0