Ырчы Каныкей: мен эксперименттерди жасай турчу курактан өттүм

© Sputnik / Исмаил МамытовЭстрада ырчысы Каныкей. Архив
Эстрада ырчысы Каныкей. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы Каныкей кыргыз шоу-бизнесинде өзгөчө үнү, кийинүү стили менен таанымал. Мындан эки жыл мурун турмуш жолуна аттанган соң, убактысын үй-бүлөсүнө бөлүп чоң сахнадан алыстап кеткен.

Бир нече убакыт коомчулуктун көзүнө көрүнбөй калган ырчы Каныкей чыгармачылыкка кайтуу ниети бар экенин айтты. Өзүнүн ырдоо манерасы жана стили менен башкалардан айырмаланган ырчы эл алдына кандай болуп чыгары тууралуу ой бөлүштү.

— Сахнага кандай максаттар менен чыгууга бел байладыңыз?

— Турмушка чыккандан кийин бир канча убакыт үй-бүлөлүк шартка байланыштуу тыныгууда болдум. Менден дайыма "каяктасыңар, качан ырдап чыгасыңар?" деп көп сурашат. Анан угармандарымдын мени чын жүрөктөн уккулары келип жатканын байкадым. Ошол себептен элдин өтүнүчүн аткаруу максатында көпчүлүктүн табитине жаккан жакшы ырларды жаздырып жатам. Жаңылыктар сөзсүз болот.

© предоставлено Chapan StudioЭстрада ырчысы Каныкей
Кыргызстанская эстрадная певица Каныкей - Sputnik Кыргызстан
Эстрада ырчысы Каныкей

Ар бир эле нерсенин өз мезгили бар, ошол эле учурда чыгармачылык да, үй-бүлө өз нугу менен кетиш керек. Бала деген — бакыт экен. Мен жашоодо маанилүү бир нерсени түшүндүм. Эгерде алдымда үй-бүлө же сахна деген тандоо турса, мен албетте үй-бүлөнү тандамакмын.

— Үн сиздики болсо, ийгиликти багындырууда команданын да ролу маанилүү болчу. Бул жагын кандай карап жатасыз?

— Албетте жалгыз эле иштейм. Команданын жоон тобу менен жүргөн мезгилден өттүм деп ойлойм. Алдыга жакшы максаттарды коюп, эл үчүн ырдай берем. 

— Ырдоо, кийинүү стилиңиз өзгөрөбү?

— Ырдоо стилим ошол эле этно-рок боюнча кала берет. Кийинүү жагынан мурун жаш кыз элем. Стиль боюнча түрдүү эксперименттерге даяр болчумун. Азыр мен бирөөнүн жары, бир уулдун энесимин. Форма жагынан да бир аз өзгөрдүм. Бирок такыр эле сахнага өзгөрүүсүз чыкпайм. Кантсе да чыгармачылык — кыйыр жол. Ага изденүү жана убакыт керек. 

— Ырлардын сөзүн өзүңүз жазып жүрөсүз. Башка акындардын ырын ырдап чыгуу оюңузда жокпу?

— Мыкты акындардын калеминен чыккан ырларды ырдасам болмоктур. Бирок башында команда менен иштешип, өзүм ыр жазгандыктан башка ырларга муктаждык жок эле. Баары алдыда, бул жагын убакыт көрсөтөт.

— Буга чейин Кыргызстанда шоу-бизнес жок деп айтканыңыз бар. Азыр деле ошол ойдон кайта элексизби?

— Катуу сынга алгым келбейт. Менимче Кыргызстанда шоу-бизнес жок. Албетте таасирлүү адамдар бар, аздап болсо да жылыштар болуп жатат. Мен ар дайым айланага байкоо жүргүзөм. Маселен коңшу Казакстанда концептуалдуу группалар бар, ал жакта чындыгында шоу-бизнес бардай сезилет.

Алсак, бизде кино искуссвосунун гүлдөп өнүгүшү деп Сабира Күмүшалиева, Муратбек Рыскуловдордун убагындагы элиталарды айтаар элем. Азыр мен ошол ири жылышты көрбөй жатам. Мен, мисалы, кыргыздын айрым кинолорун көргөндөн уялам. Ар бир кесип ардактуу. Аны биринчиден окуп үйрөнүп, анан жүзөгө ашыруу туура деп ойлойм. 

— Демек шоу-бизнесте билим жетишпейт?

— Албетте бардык чөйрөдө билим жетишпейт. Кесипти баалай билиш керек. Ар бир нерсе боюнча билим алып, тажрыйба топтоо зарыл. Ырчысыңбы — нотаны, актерсуңбу —түрдүү этюддарды жасай билүү кажет.

© предоставлено Chapan StudioЭстрада ырчысы Каныкей
Кыргызстанская эстрадная певица Каныкей - Sputnik Кыргызстан
Эстрада ырчысы Каныкей

— Тойлордо чанда ырдайсыз. Шайлоо учурунда да кайсы бир партиядан көрө алган жокпуз?

— Мен жашоодо талкуулабай турган эки нерсе бар — бул дин жана саясат. Саясат бул орой айтканда "аман эле болсун". Мен мактаганды жактыра бербейм, саясатты андан бетер. Ырдаган жокмун дебейм, анын да өз себептери бар. Тойлордо ырдайм. Болгону өнөрүмдү бекерге, же майда тыйынга баалабайм.

— Ийгилик сырыңыз деп эмнени түшүнсөк болот?

— Ийгилик — бул кудайдын буйругу. Экинчиден, талыкпас ак эмгек жасасаң, үзүрүн көрөсүң. Мен дайыма жакшы нерседен үмүт кылам. Жаштыгымда чоң күч жумшап, адал эмгек кылдым. Анан ак жана так жүрүш керек деп ойлойм.

— Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз? 

— Бош убактым деле болбойт. Болгонун уулум Алимге жумшайм. Бала кароо да чоң жоопкерчилик. Буюрса бизде баары жакшы. Алты айга толдук.

Жаңылыктар түрмөгү
0