Бишкекте Ысык-Көл облустук драма театрынын жумалыгы жыйынтыкталды

© Фото / Азизбек КулмурзаевТоктоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры. Архив
Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага чыгармачыл интеллигенция, театр ишмерлери жана Маданият министрлигинин өкүлдөрү катышты.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрынын актёрлору Бишкек шаарында өткөн жумалыктын алкагында сыйлыкка ээ болушканын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Кундуз Качкынбаева билдирди.

Ага ылайык, аталган театр борбор калаага гастролдоп келип, жамаат өз өнөрүн Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында көрсөттү. 

"Жумалыкта көрсөтүлгөн спектаклдерде мыкты образ жараткан актёрлорго Театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулманбетов сыйлык тапшырды. Театрдын актёру Кылыч Андашев Ашыралы Боталиев атындагы сыйлыктын ээси болсо, Курманбек Абдубалиев Болот Бейшеналиев атындагы сыйлыкка татыды", — деди Качкынбаева. 

Актёрлорго маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов жалпы эмгек жамаатка ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0