Ош куурчак театры 25 жылдык мааракесин Бишкектен өткөрдү

© Sputnik / Айша КамиловаКуурчак театры. Архив
Куурчак театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун актёрлору кичинекей көрөрмандарга Надырбек Шамурзаевдин "Ак-Буура", Васильеванын "Коёндун үйү" жана Жалил Садыковдун "Эр Төштүк" пьесаларын тартуулашты.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Бишкек шаарында Надырбек Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры тарабынан уюштурулган театр жумалыгы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Ага ылайык, иш-чара аталган театрдын 25 жылдык мааракесине арналды. Ош облусунун актёрлору өз өнөрлөрүн борбор калаадагы Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында көрсөтүштү. 

Мында кичинекей көрөрмандарга Надырбек Шамурзаевдин "Ак-Буура", Васильеванын "Коёндун үйү" жана Жалил Садыковдун "Эр Төштүк" пьесалары тартууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0