"Жаш Канаттын" бийчилери эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алды

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Жаш Канаттын" бийчилери. Архив
Жаш Канаттын бийчилери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ансамбль эми күзүндө Санкт-Петербургда өтө турган супер-финалга катышмай болду.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Россияда өткөн эл аралык "Волжская капель" сынагында кыргызстандык "Жаш Канат" бий ансамбли баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

I Всемирные Игры Кочевников на Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Азербайжанда Көчмөндөр оюндарынын ролиги тартууланды
Маалыматта айтылгандай, "Жаш Канат" ансамблинин балдары маданияттын отличниги Канат Фаткулиндин жетектөөсүндө "Сардал кыз" жана "Тентектер" аттуу эки хореографиялык номер тартуулашкан.

Натыйжада баш байгеге ээ болуп, ушул жылдын октябрь айында Санкт-Петербургда өтө турган супер финалга жолдомо алышты. Андагы байге фонду 500 миң рублди түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0