Бүгүн "Пишпек-Фрунзе-Бишкек борборуна 138 жыл" аттуу көргөзмө өтөт

© Sputnik / Дмитрий Бальтерманц / Медиабанкка өтүүФрунзе шаарына көрүнүш. Архив
Фрунзе шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китеп-сүрөт көргөзмөгө окумуштуулар менен шаар башкаруучуларынын китептери, энциклопедиялык топтомдор жана мамлекеттик архивдик материалдар коюлат.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бүгүн Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада "Пишпек-Фрунзе-Бишкек борборуна 138 жыл" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Улуттук китепканадан билдиришти. 

Иш-чара "Тарых жана маданият жылынын" алкагында Кыргызстандын Улуттук китепканасы жана Бишкек мэриясы менен биргеликте уюштурулууда. 

"Китеп-сүрөт көргөзмөдө мамлекеттик коомдук ишмерлердин, Компартиянын жетекчилеринин, окумуштуулардын, шаар башкаруучуларынын китептери, энциклопедиялык топтомдор, мамлекеттик архивдик материалдар, фотодокументтер, брошюралар, публицистикалык макалалар, тарыхый документтер коюлат", — деп айтылат маалыматта. 

Иш-чара саат 12.30да Улуттук китепкананын фойесинде башталат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0