Бишкек мэриясынын оркестри Казакстанда өткөн сынакта баш байгени жеңип алды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын имараты. Архив
Бишкек мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалдын алкагында дирижёрлордун парады да өткөрүлгөн. Эң мыкты дирижёр деп кыргызстандык Бакыт Тилегенов таанылды.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясынын элдик оркестри Казакстандагы Актөбө шаарында өткөн эл аралык оркестрлер сынагында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

I Всемирные Игры Кочевников на Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Азербайжанда Көчмөндөр оюндарынын ролиги тартууланды
Ага ылайык, 22-23-апрелде өткөрүлгөн сынакта Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Башкыртстан жана Татарстандан барган 12 оркестр катышкан. 

Кыргызстандын атынан барган Бишкек мэриясынын элдик оркестри өлкөнүн эл артисти Бакыт Тилегеновдун жетектөөсү менен сынакка катышкан. 

Фестивалдын алкагында дирижёрлордун парады да өткөрүлгөн. Анда ар бир маэстро мастер-класстарды көрсөткөн. Эң мыкты дирижёр деп кыргызстандык Бакыт Тилегенов табылды. 

Ал эми Бишкек мэриясынын элдик оркестри тарыхта биринчи ирет баш байге менен кайтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0