Азербайжанда Көчмөндөр оюндарынын ролиги тартууланды

© Пресс-служба президента КРI Всемирные Игры Кочевников на Иссык-Куля
I Всемирные Игры Кочевников на Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына БУУнун цивилизациялар альянсына мүчө мамлекеттердин баары чакырылды.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Азербайжанда Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ролиги тартууланганын КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Акча каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акибаев: Кырчын жайлоосун даярдоого 17 миллион сом бөлүнгөн
Кечээ, 26-апрель күнү Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов БУУнун Цивилизациялар альянсына мүчө мамлекеттердин Бакуда өтүп жаткан жетинчи форумунда Көчмөндөр оюндарын тартуулады. Иш-чарага 140 мамлекеттин делегациясы катышты.

Максутов Кыргызстан альянстын жаңы мүчөсү катары маданияттар жана диндер аралык диалогду өнүктүрүү боюнча бардык демилгелерди колдой турганын белгиледи. Форумдун алкагында министр альянстын өкүлү Насир Абд аль-Азиз аль-Нассер менен жолугушуп, Көчмөндөр оюндарынын эл аралык аренада жайылтуу маселесин талкуулады. Муну менен катар КР президентинин атынан аталган оюндарга катышууга чакыруу жолдоду.

Өз кезегинде альянстын өкүлү Кыргызстанды аталган уюмга кошулушу менен куттуктап, чакыруу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0