Голливуддун кайсы тасмасы үчүн Кыргызстан ылайыктуу болмок

© Twentieth century fox film corporation. (2015)"Выживший" (Тирүү калган) кинотасмасынан кадр. Архив
Выживший (Тирүү калган) кинотасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын табияты ажайып кооз экенин эч ким тана албайт. Мындай жерлер дасыккан режиссерлор менен продюсерлер үчүн чындап табылга болуп саналат. Андыктан Голливуддун Кыргызстанга кызыкканы жөн жеринен эмес.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде АКШнын Лос-Анжелес шаарында Локациялар шоусу өтүп, ал америкалык кинорежиссерлор менен продюсерлердин башын бириктирди. 

Локациялар шоусу — кино тартуу үчүн көпчүлүккө белгисиз аймак-жерлерди издеп жүргөн продюсерлердин башын бириктирүүчү ири эл аралык иш-чара.

Аллея Раппопорт вдоль трассы в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Болливуд көл өрөөнүнүн кооз пейзажында тасма тартууга ниеттенип жатат
Ага Борбор Азия чөлкөмүнөн Кыргызстан гана катышып, өлкөнүн табияты чагылдырылган стенд чоң кызыгуу жараткан.

Голливуд тасмалары жер шарындагы эң эле кооз делинген жерлерде тартылары бышык. Анткен менен ал тасмалар бир дагы ирет Кыргызстанда тартылган эмес. Үмүтсүз жалгыз шайтан деп айтылат. Мындан улам Sputnik Кыргызстан аты дүйнөгө дүңгүрөгөн Голливуд тасмаларынын кайсынысын Кыргызстанда тартууга болмоктугун божомолдоп көрдү.

Анда Голливуд режиссерлорунун кулагына күмүш сырга:

1. "Эверест" — каармандар жашоодо ар кыл кесипти аркалап, бирок түпкү жүрөгүндө Эверест тоосуна чыгууну көздөп жүрүшөт. Ушундай кыялдагы адамдар чогулуп, дүйнөдөгү эң бийик чокуга чыгууга белсенишет. Анткен менен чоку аларга оңой менен багынбайт.

© Александр ЗыряновАсман тиреген Чапаев чокусу
Кыргызский пик Чапаева  - Sputnik Кыргызстан
Асман тиреген Чапаев чокусу

Бул тасманы Кыргызстанда тартса куп эле жарашмак. Анткени тасмада колдонулган сүрөт кадимки Кырыгызстандагы Чапаев чокусу.

2. "Выживший" (Тирүү калган) — 2015-жылдын эң мыкты тасмасы. Атактуу Леонардо Ди Каприону Оскар сыйлыгына жеткирген кино. Анда Хью Гласс аттуу мергенчи оор жарат алып, аны сапарлаштары ара жолдо таштап кетет. Тасмада аңчынын эрки, багынбастыгы сүрөттөлөт. Лео өзүнүн багынбас эркин Борбордук Тянь-Шанда жайгашкан Ак-Шыйрак тоосунда, Петров мөңгүсүнүн жанында сынап көрсө болмок.

© Фото / Владислав УшаковТянь-Шанда жайгашкан Ак-Шыйрак тоосундагы Петров көлү
Озера на территории Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Тянь-Шанда жайгашкан Ак-Шыйрак тоосундагы Петров көлү

3. "Жизнь Пи" (Пинин жашоосу) — Индиядагы зоопаркта иштеген үй-бүлө кризистен улам Канадага көчүүнү чечет. Океан аркылуу бара жаткан корабль катуу толкундан улам сууга чөгөт. Кырсык учурунда өспүрүм курактагы Пи кемеге отуруп, аман калат. Эсине келип көзүн ачса кеменин ичиндеги жолборс менен кошо учу кыйырсыз океанда жалгыз калган болот. Кинонун негизги бөлүгү студияда тартылган. Кээ бир кадрлар бассейнде тартылгандыктан атайын технологиянын жардамы менен толкундар жасалган. 

© Владислав УшаковКереметтүү Ысык-Көл
Озера на территории Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Кереметтүү Ысык-Көл

Бул атактуу тасманы кереметтүү Ысык-Көлдө тартса көркүнө чыгары талашсыз. Өзгөчө Пи менен жолборстун окуяларын көгүлтүр көлдө тартуу режиссерго да кыйынчылык жаратпаса керек.

4. "Храброе сердце" ("Эр жүрөк") — тасма 1280-жылы Шотландиядагы окуяны баяндайт. Анда улуттук баатыр Уильям Уоллесдин (Мел Гибсон) англиялыктарга каршы күрөшүсү тартылган. Тасмага тоолуу аймактагы кадрлар түшүрүлгөндүктөн Кыргызстандын кооз табияты режиссерлорго табылгыз байлык болмок. 

© Zahariz KhuzaimahКүндүн батышы табияттын көркүн ачууда
Экзотика для малайца, или Привычный ландшафт другими глазами - Sputnik Кыргызстан
Күндүн батышы табияттын көркүн ачууда

5. "Терминатор" — биринчи бөлүк. Тасмада киборг аскеринин келечектеги пост-апокалиптикалык жашоодон жер шарына түшүп, бир кызды өлтүрүүгө аракет кылганы баяндалат. Анткени ал кыз келечекте киборг аскер жайгашкан робботтор жашоосун талкалай турган баланы жарык дүйнөгө алып келмек. Тасманын соңунда Сара Конордун коштошкон жерин Оштогу Памир жолунан тартса мындан да жакшы чыкмак. 

© Дмитрий Чистопрудов, Николай Рыков. Фотоагентство VOSTOKОштон Тажикстанга кеткен Памир жолу
Памирский тракт, автодорога, соединяющая Ош с таджикским Хорогом - Sputnik Кыргызстан
Оштон Тажикстанга кеткен Памир жолу

6. "Безумный Макс: дорога ярости" (Акылсыз Макс: каардуу жол) — фантастика жанрындагы тасмада Макс аттуу жигиттин душмандар менен кармашып, аман калуу аракети баяндалат. Кино чөлдө тартылган. Бирок кээ бир жерлерде аскалуу жол тартылган. Аталган кадрды Памир жолуна бир топ окшош

© Дмитрий Чистопрудов, Николай Рыков. Фотоагентство VOSTOKТоо боорундагы Памир жолу
Памирский тракт, автодорога, соединяющая Ош с таджикским Хорогом - Sputnik Кыргызстан
Тоо боорундагы Памир жолу

7. "Звездные войны" (Жылдыздар согушу) — тасмада галактикадагы кармаш көргөзүлөт. Сценарий боюнча Татуин аталышындагы чөлдүү планетада согуш жүрөт. Ошол кадрларды Ысык-Көлдөгү "Жомок" каньонунда тартса жарашмак. 

© Влад УшаковЫсык-Көлдөгү "Жомок" каньону
Зимняя Сказка — фантастический каньон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдөгү "Жомок" каньону

8. "Хоббит" жана "Властелин колец" — сценарий повесттен алынып жазылган. Анда эргежээл адамдын саякаты баяндалат. Тасмада көбүнесе көк майсаң, жашыл чөптүү тоолор тартылган. Мындай көрктүү табият Кыргызстандын ар бир жайлоосунан кезиктирсе болот.

© Zahariz KhuzaimahМөңгү суусу жана көк майсаң
Экзотика для малайца, или Привычный ландшафт другими глазами - Sputnik Кыргызстан
Мөңгү суусу жана көк майсаң

9. "Мумия" — алтын изилдөөчүлөр Египеттин чөлдөрүндө, аскалуу үңкүрлөрүндө фараондун байлыгын издеп, андагы миңдеген жылдар мурунку мумиялар менен кармашат. Тасмада тартылган кадрларды Оштогу Төө-Моюн үңкүрүнөн тартса окшошчудай.

© Влад УшаковОш облусундагы Төө-Моюн үңкүрү
Тайны пещер Туя–Муюна - Sputnik Кыргызстан
Ош облусундагы Төө-Моюн үңкүрү

10. "Пляж" — Леонардо Ди Каприо ойногон Ричард аттуу жигит Таиландда эс алып жүрүп, кокустан бир арал тууралуу карта таап алат. Ал жерде баңгизат өскөндүктөн Ричард достору менен нашаа чогултуу үчүн сырдуу аралга жөнөйт. Тасма көл жээгинде тартылгандыктан андагы кадрларды Кыргызстандагы Көл-Суу көлүндө тартса тасма мындан да көрктүү болмок окшойт.

© Владислав УшаковТоо койнундагы Көл-Суу көлү
Озера на территории Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Тоо койнундагы Көл-Суу көлү

Жаңылыктар түрмөгү
0