БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунда кыргыз маданиятынын жумалыгы башталды. Бул тууралуу кыргыз жердешчилигинин төрайымы, аталган окуу жайда билим алган Бермет Исаева билдирди.
Анын айтымында, күн сайын кыргыздардын маданияты, салт-санаасы жана Кыргызстандын жаратылышы тууралуу видеороликтер көрсөтүлөт. Ошондой эле бул иш-чара Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтундагы кыргыз жердешчилигинин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналат.
"27-апрелде КР элчилиги жана Россиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-орус мамилелери боюнча конференция болот. Ошондой эле "Кыргызстан тууралуу белгисиз фактылар" деген көргөзмө уюштурулат", — дейт ал.
Андан сырткары, Исаева кыргыз тасмалары көрсөтүлүп, студенттер арасында Кыргызстан тууралуу интеллектуалдык оюндар өтөрүн кошумчалады.