Улуттук филармония ретро-концерт тартуулайт

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын сахнасындары дирижер. Архив
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын сахнасындары дирижер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зайнидинов концертте 60-70-жылдары кыргыз сахнасында жаңырган ырлар тартуулана турганын белгиледи.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-майында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында ретро-концерт өтө турганын аталган мекеменин адабий бөлүмүнүн башчысы Улан Зайнидинов билдирди.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык өспүрүм Россиядагы "Балдар жаңы толкуну" конкурсунун финалына өттү
Маалыматка ылайык, "Кылым коштоп, көөнөрбөгөн ыр-дүйнө" аттуу концертке КР Эл артисттери Улукмырза Полотов, Нуржамал Табалдиева, Анарбек Ибраев, Гүлсүн Мамашева, эмгек сиңирген артисттер Келдибек Ниязов, Алтынбек Сапаралиев, Гүлмайрам Момушева, Зейнеп Шакеева, Анара Мадиева, Султан Каримов, Майрам Дүйшөкеевалар катышмакчы. 

Концертти Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри коштойт. Тарых жана маданият жылына арналган бул иш-чара саат 18.30да башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0